Кыргыз Республикасындагы Америкалык соода палатасы (AmCham) – Кыргызстанда жагымдуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү бизнес чөйрө түзүүгө умтулган алдыңкы эл аралык бизнес-ассоциация. AmCham эл аралык майданда жергиликтүү бизнестин, ошондой эле Кыргызстандагы чет өлкөлүк компаниялардын кызыкчылыктарын көздөө менен, 120 ашуун компания менен иш жүргүзөт. Өз ишмердигин жүзөгө ашырууда өз ара пайдалуу чечимдерге жетүү үчүн AmCham ишкерлер, саясатчылар жана инвесторлор отосунда байланыштыруучу звено ролун аткарат.
2005-жылы негизделген Палата U.S. Chamber of Commerce аттуу ири эл аралык бизнес уюмга кирет. U.S. Chamber of Commerce – 3 миллиондон ашык компаниянын кызыкчылыктарын көздөйт.
Аткаруучу директордун кайрылуусу
Кадырлуу достор,
Кыргыз Республикасындагы Америка соода палатасынын расмий баракчасына кош келиңиздер. Кыргыз Республикасындагы Америка соода палатасы дүйнө жүзү боюнча иштеген AmCham глобалдык түйүндүн бир бөлүгү болуп эсептелип жергиликтүү жана чет өлкөлүк инвесторлордун мыйзамдык укуктарын коргойт.
Биздин бизнес-ассоциациябыз Кыргызстанда 15 жылдан ашык убакыттан бери иш алып барууда. Бул мезгил аралыгында Кыргызстандагы бизнести өнүктүрүү үчүн бир топ иштер жасалды. Бирок алдыда өлкөдөгү инвестициондук жагымдуулукту арттыруу, башка өлкөлөр менен бекем ишкердик мамилелерди түзүү жана Кыргызстан экономикасы күчтүү, туруктуу мамлекет катары өнүгүүсү үчүн дагы бир топ стратегиялык жактан маанилүү маселелерди чечүү зарыл.
Биздин эл аралык ассоциациябыз дал ушул максаттарга жетүүгө умтулуп келет. Палата Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнө шарт түзгөн жалпы максаттарга жетүү үчүн жеке тармак менен өкмөт ортосунда конструктивдүү диалог түзүүгө өзгөчө көңүл бурат.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы Америка соода палатасы 80ден ашуун чакан, орто жана ири ишканалардын башын бириктирет. Алардын ичинде финансы мекемелери, тоо-кен ишканалары, уюлдук операторлор, күнүмдүк керектөөчү товарлардын өндүрүүчүлөрү жана саттучулары (FMCG-ишканалары), консалтинг фирмалары, жарнама агенттиктери жана башкалар бар.
Биз жеке тармак, мамлекеттик органдар жана эл-аралык бизнес жамаат ортосундагы байланыштыруучу катары, актуалдуу маселелерди талкуулоо жана аларды чечүү үчүн аянтча түзүп берүүдөбүз. Мындан тышкары биз зарыл ресурстарга, маалыматтарга жол ачып, катышуучуларыбыздын идеяларына жана жаңылык киргизүү аракеттерине дайыма ачыкпыз. Биз өнөктөш жана инвестор табууга жардам берип, консультациялык кызматтарды көрсөтүп, бизнесиңиздин өнүгүүсүнө таасирин тийгизген заманбап маалыматтарды берип турабыз.
Биз бири-бирибиз үчүн пайдалуу болуп, биргелешкен аракеттер менен жаңы бийиктиктерди багындырып, алдыга койгон максаттарга жете алабыз деп ишенем.
Урматтоо менен,
Аткаруучу директор
AmCham кандай иштерди аткарат?
AmCham Палата мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын илгерилетүү жана Кыргыз Республикасында бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча жигердүү иштерди жасайт. Ай сайын миңдеген инвесторлор уюмдун расмий сайтынан AmCham’га мүчө компаниялар тууралуу маалыматтарды алып турушат. AmCham Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана бизнес-структуралар менен тыгыз кызматташып, өлкөдө бизнес чөйрөнү өнүктүрүүгө умтулат.
Бизнес кызыкчылыгы үчүн иш-чараларды уюштуруу
AmCham өткөргөн иш-чаралар компанияларга өз кызыкчылыктарын мамлекеттик деңгээлде илгерилетүү, маселелердин өз пайдасына чечилишине таасир тийгизүү мүмкүнчүлүгүн берет.
- бизнес-форумдар, тегерек стол талкуулары, конференциялар;
- бизнес үчүн актуалдуу темаларда эксперттердин катышуусунда практикалык семинарлар жана тренингдер;
- өкмөт өкүлдөрүнүн, элчилердин, бизнес жамаатынын лидерлеринин катышуусу менен бизнес-ланчтар;
- семинарлар жана тренингдер.
Бизнес-нетворкинг
AmCham мезгил-мезгили менен түрдүү иш-чараларды уюштуруп турат жана мында Палатанын мүчөлөрү өзүнүн байланыш түйүндөрүн кеңейте алышат. Анын ичинде компаниялардын топ-менеджерлери, жетекчилиги менен байланыш түзүп, бизнес өнөктөштөрдү жана инвесторлорду таба алышат. Ошентип Палатанын мүчөлөрү расмий да, бейрасмий да (коктейль жана джаз-кечелери, happy hours ж.б.) жагдайда бизнести өнүктүрүү жаатындагы актуалдуу маселелерди талкуулап алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Палата мүчөлөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрүн жана өнүмдөрүн илгерилетүү
AmCham түрдүү аспаптардын жана каналдардын жардамы менен мүчө-компаниялардын кызмат көрсөтүүлөрүн жана өнүмдөрүн илгерилетүү үчүн натыйжалуу аянтча болуп эсептелет:
- маалыматтык колдоо көрсөтөт;
- AmCham өз сайтында компания тууралуу маалыматтарды, логотибин жана соңку жаңылыктарды жайгаштырат;
- ай сайын чыкчу басылмага компаниянын жаңылыктарын жайгаштырат;
- Палатанын мүчөлөрүнө жана өнөктөштөрүнө компаниянын жаңылыктарын таратып турат;
- дисконттук программага катышуу укугун берет – бул болсо кросс-маркетинг үчүн натыйжалуу аспап болуп эсептелет. Дисконттук карта Палатанын мүчөлөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрүнө жана өнүмдөрүнө жеңилдик алууга жол берет;
- жыл сайын чыкчу бизнес-портфолиодо компания тууралуу маалымат жана логотиби жайгаштырылат.
Маалыматтык колдоо
AmCham жакынкы жана алыскы мамлекеттердеги кызыкдар инвесторлорго өлкөдөгү келечектүү бизнес долбоорлор тууралуу маалыматтарды берип турат. Ошондой эле компаниянын суроо-талабы боюнча AmCham глобалдык түйүндөгү уюмдар жана бизнес структуралар тууралуу маалыматтар менен бөлүшөт. Бул болсо түрдүү өлкөлөрдө окшош бизнес жүргүзгөн компаниялар ортосундагы кызматташтык үчүн пайдалуу.
Визалык колдоо
Палатанын мүчөлөрү АКШга бизнес виза алгысы келсе, аларга колдоо каты берилет. Бул үчүн сиз Кыргыз Республикасындагы Америкалык Соода Палатанын кызматкерлерине кайрылышыңыз керек. (AMCHAM’га МҮЧӨ БОЛУУ дегенди басыңыз)
Миссиябыз
AmCham’дын миссиясы – өлкөдөгү бизнес климаттын, ошондой эле Кыргызстандагы бизнес компаниялар менен эл аралык жамаат ортосундагы өз ара мамилелердин жакшыруусуна көмөктөшүү. AmCham’га мүчө компаниялар – биздин башкы активибиз. Биз алар үчүн конструктивдүү чечимдерди издеп, алардын кызыкчылыктарын коргоп жана көздөп, өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн камсыздап, Кыргызстанда бизнестин жана экономиканын өнүгүүсүнө көмөктөшөбүз. Биз бардык жергиликтүү мыйзамдарды сактап, өз ара мамилелерде жана бүтүмдөрдө эң жогорку этикалык стандарттарды талап кылып, өлкөгө карата сый мамиле жасоо менен өз миссиябызды аткарып келатабыз.
AmCham глобалдык түйүнү
Кыргызстан тууралуу
Кыргыз Республикасы – калкынын саны 6 миллион кишиден ашкан, Борбор Азияда жайгашкан мамлекет. Кыргызстан электр энергиясын, пахтаны, алтынды, этти, тамекини, тигилген буюмдарды, сымапты, уранды, жүндү экспорттойт. Өлкөдө тоо-кен тармагы жана тигүү өндүрүшү өнүккөн. Экономикалык эркиндиктин деңгээли боюнча өлкөлөрдүн 2015-жылдагы рейтингине ылайык, Кыргызстан “орточо эркин өлкө” категориясына кирип, 82-орунда турат. Борбор Азия боюнча алып караганда, рейтингде Кыргызстан Казакстан Республикасынан кийинки экинчи орунду ээлейт.
Doing Business-2015 рейтингинде Кыргызстан 102-орунду ээледи. Изилдөөгө ылайык, Кыргызстан “Курулушка уруксат алуу”, “Электр тармактарына кошулуу” жана “Келишимдердин аткарылышын камсыздоо” өңдүү бир нече көрсөткүчтөр боюнча өз позицияларын жакшырта алган.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсү 2015-жылдын алгачкы жарым жылдыгында 2 миллиард 707 миллион доллардан ашкан. Экспорттун үлүшү 26,3%, импорт болсо 73,7% түзгөн.