2025-жылдын 24-январында Hyatt Regency Bishkek мейманканасында “Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТК) колдонууну жөнөкөйлөтүү жана оптималдаштыруу” темасындагы эртең мененки бизнес жолугушуусы болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция Министрлигинин (МЭК КР) жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын (ГНС) өкүлдөрү катышты.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Ысабеков Кубанычбек Абдимуталипович катышуучлуарга ЭТТК колдонууну жөнөкөйлөтүүгө багытталган сунушталып жаткан өзгөртүүлөр жөнүндө айтып берди.
Иш-чаранын катышуучулары мамлекеттик органдардын презентациясын угуп, аларга ЭТТК колдонууга байланыштуу кызыктырган суроолорун берип, алардын ишинин жүрүшүндө ЭТТКны колдонууну жөнөкөйлөтүүгө багытталган сунуштарын айтып жана МЭК КР жана ГНС өкүлдөрүнөн суроолоруна толук жооп ала алышты.
Иш-чара негизги маселелерди талкуулоо, инновациялар боюнча актуалдуу маалыматты алуу жана ЭТТКни колдонуудагы процесстерди оптималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн маанилүү аянтча болду.
Кыргыз Республикасындагы Америкалык соода палатасы иш-чарага активдүү катышкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция Министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматына жана эртең мененки жолугушууга катышкан баардык катышуучуларга терең ыраазычылыгын билдирет.