DemirBank чакан жана орто бизнес үчүн акцияны баштайт! 2025 – жылдын 5-февралынан 31-майына чейинки мезгилде гана сиз өз бизнесиңизди өнүктүрүү үчүн кредит ала аласыз – сом менен болгону жылдык 17% дан баштап жана АКШ доллары менен жылдык 14% дан баштап.
Бизнес кредитин төмөнкү максаттар үчүн алууга болот:
Жүгүртүү капиталын толуктоого кредиттер. Сизге бизнесиңиздин учурдагы чыгымдары же жүгүртүү капиталы үчүн каражат керекпи? Анда кредиттөөнүн бул түрү сиз үчүн.
Кредит 3 айдан 3 жылга чейинки мөөнөткө берилет.
Инвестициялык долбоорлорго кредиттер
Кредитти бизнесиңиздин капиталдык чыгымдарын каржылоо үчүн алууга болот: жабдууларды, техникаларды, реконструкцияларды, курулушту сатып алуу, ошондой эле ишкананын кредиттерин кайра каржылоо.
Кредиттин мөөнөтү: 3 айдан 5 жылга чейин.
Каржылоонун кандай формалары бар?
- белгилүү бир максаттарга, мөөнөткө жана суммага берилген бир жолку кредит.
- кредиттик линия – белгиленген лимиттин чегинде бөлүп-бөлүп каражат алуу мүмкүнчүлүгү.
- -овердрафт – бул кыска мөөнөттүүкредит, ал эсебиңиздеги акчадан көбүрөөк акча коротууга мүмкүндүк берет.
Башка банкта кредитиңиз барбы? DemirBank кыйла ыңгайлуу шарттарда сиздин кредитти рефинансылоо кызматын сунуштайт.
DemirBank менен бирге бизнесиңизди тез, пайдалуу жана оңой өстүрүңүз!
Толук маалымат алуу үчүн банктын Байланыш-борборуна 2222 кыска номери боюнча кайрылсаңыздар болот.