AmCham мүчөлөрү – бизнести кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө, бизнес көрсөткүчтөрүн жакшыртууга жана бийик максаттарга жетүүгө умтулган компаниялар. AmCham’га мүчө болуунун артыкчылыктары:
Эл аралык бренд
AmCham-Кыргызстан U.S. Chamber of Commerce аттуу ири эл аралык бизнес уюмга кирет. Аталган уюм 100дөн ашык өлкөдө 3 миллиондон ашык компаниядан турган ишкерлер жамаатынын кызыкчылыктарын көздөйт. Палата бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөктөшөт.
Кеңири бизнес мүмкүнчүлүктөр
Палата бизнеске байланышкан актуалдуу маселелерди чечүү үчүн майнаптуу платформаны түзөт. Ошондой эле Палатанын мүчөлөрү үчүн өзөктүк жергиликтүү жана эл аралык байланыштарга жана ресурстарга жол ачылат.
Бизнес-нетворкинг
AmCham өнөктөштөрүнүн глобалдык түйүнүнүн жана уюмдун миссиясынын жардамы менен Палатанын мүчөлөрү өз байланыш түйүндөрүн кеңейтип, бизнес өнөктөштөрдү, ошондой эле инвесторлорду таба алышат.
Бизнесиңизди натыйжалуу илгерилетүү
AmCham ресурстарын колдонуп, бизнес иш-чараларын өткөрүү жана Палатага мүчө компанияларга маалыматтык колдоо көрсөтүү боюнча жигердүү ишмердиктин арты менен катышуучулар өлкө аймагында да, чет өлкөлүк базарларда да өз өнүмдөрүн жана кызмат көрсөтүүлөрүн илгерилетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Эмне үчүн мүчө болуш керек?
- Биз бизнесиңиздин өнүгүүсүнө жардам беребиз.
- Биз эл аралык жамаатта да, өлкө ичинде да катышуучулардын кызыкчылыктарын көздөйбүз.
- Биз бизнес климаттын мүчөлөрүбүздүн пайдасына өзгөрүүсү үчүн бизнестин жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жигердүү иш жүргүзөбүз.
- Биз ишкер мамилелер үчүн майнаптуу платформа түзөбүз: кесипкөй жана бизнес байланыштардын түйүнүн кеңейтүүгө жардам беребиз.
- Биз бизнес-ланч, семинарлар жана тренингдер, форумдар жана тегерек стол талкуусу өңдүү иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштурабыз. Булардын баары мүчөлөр үчүн ачык.
- Биздин уюм – бул маалымат жана тажрыйба алмашуу, мыкты бизнес-идеяларды түзүү жана чечим табуу үчүн аянтча.