Новости Палаты

AmCham мүчөлөрү жана өнөктөштөрү үчүн салттуу Ифтар кечеси өткөрүлдү

2025-жылдын 6-мартында Америка Соода Палатасы салттуу Ифтар кечесин өткөрдү – бул өзгөчө кечеде Палатанын мүчөлөрү, өнөктөштөр жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү бир жерде чогулушту.

“Электрокомплекс” ЖЧКсы жана “СК Нурзаман” ЖЧКсы колдоо көрсөткөндүктөн, коноктор Рамазан айынын бул маанилүү учурун бирге белгилеп, жылуу маанайда баарлашып, күндүзгү орозодон кийин даамдуу сый тамактан ырахат алышты.

Ифтар кечеси – бул кылымдарды карыткан салтты улантуу мүмкүнчүлүгү гана эмес, ошондой эле AmCham коомчулугунда ишкердик жана өнөктөштүк байланышты бекемдөөгө чоң өбөлгө түзөт. Биз биримдикке, өз ара колдоого жана кызматташтыкка өбөлгө түзгөн платформаны түзүп жатканыбыз менен сыймыктанабыз.

Өнөктөштөрүбүзгө чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз. Алардын колдоосу бул кечени өзгөчө маанилүү жана унутулгус кылды.

Бул ыйык ай баарыбызга тынчтык, бакубатчылык жана ийгиликтерди алып келсин!