Кыргызстанда биринчи жолу DemirBank жана эл аралык VISA системасы VISA карталарынын ээлери үчүн эксклюзивдүү опцияны – Жазылууларды башкаруу опциясын – ишке киргизди!
Сиз ар кандай каналдарга, басма сөзгө, колдонмолорго, оюндарга жазылгансыз, бирок сиз аларды унутуп калдыңызбы? Сиздин эсептен ар ай сайын автоматтык түрдө каражаттар алынабы? Эми DemirBank мобилдик тиркемесиндеги жаңы функция менен сиз каалабаган жазылууну бир нече баскычты басып эле токтото аласыз. Сиздин картаңыз кайда байланыштырылганын издөөнүн зарылдыгы жок, бардык төлөмдөрдүн тарыхы телефонуңузда болот.
Жаңы куралдын жардамы менен, Банктын кардарлары картасынын маалыматтары кайда сакталганын гана көрбөстөн, автоматтык төлөмдөрдү майда-баратына чейин көрүүгө жана зарыл болсо, аларды токтотууга мүмкүнчүлүк алышат.
Жаңы опциядан тышкары, колдонмо пайдалануучуларына төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү да сунуштайт:
- Ыңгайлуу интерфейс – бардык кызматтар экраныңыздын бетинде жайгашкан
- Баланс, төлөмдөр жана операциялардын тарыхына дароо кире аласыз
- 300дөн ашык кызматтарды, анын ичинде айып пулдарды жана салыкты төлөй аласыз
- Картасыз эле QR-код аркылуу акча чыгаруу жана өткөрүү мүмкүнчүлүгү бар
- Дагы башка көптөгөн функциялар
Кымбаттуу кардарлар, биздин Банктын жаңыртылган тиркемесин жүктөп алып, каржы каражаттарын 24/7 көзөмөлдөңүз!