Новости членов AmCham

Пайдалуу чен менен бизнес-насыя алып жетишип калыңыз – жылдык чен болгону 17%!

DemirBankчакан жана орто бизнес үчүн акция жүргүзүп жатат! Бизнесиңизди өнүктүрүү үчүн сизде 31-декабрга чейин гана насыя алууга мүмкүнчүлүк бар – жылдык чен сом менен болгону 17%.

Кандай максаттар үчүн бизнес-насыя алса болот?

Акча жүгүртүү максатында капиталды толтуруу үчүн насыя алуу

Сиздин бизнесиңиздин учурдагы чыгымдары же акча жүгүртүү капиталы үчүн каражат керекпи? Анда насыянын бул түрү сиз үчүн.

Насыя 3 айдан 3 жылга чейинки мөөнөт менен берилет.

Инвестициялык долбоолор үчун насыя алуу

Насыяны бизнесиңиздин капиталдык чыгымдарын каржылоо үчүн алса болот: жабдууларды, техникаларды сатып алуу, реконструкциялоо, курулуш, ошондой эле ишкананын насыяларын кайра каржылоо.

Насыя 3 айдан 5 жылга чейинки мөөнөт менен берилет.

Каржылоонун кандай форматтары бар?

Белгилүү бир максат, мөөнөт жана сумма үчүн берилүүчү бир жолку насыя.

Кайталануучу насыя линиясы – белгиленген лимиттин чегинде каражаттарды бөлүп алуу мүмкүнчүлүгү.

Овердрафт – эсебиңиздеги каражаттан көп акча чыгарып алууга мүмкүндүк берген кыска мөөнөттүү насыя.

Эгерде сиздин башка банктан алган насыяңыз бар болсо, DemirBank сиздин насыяңызды жакшыраак шарттарда кайра каржылап берүүнү сунуштайт.

Акциянын мөөнөтү: 2024-жылдын 15-октябрынан 31-декабрына чейин.

DemirBankменен бирге бизнесиңизди тез, ыңгайлуу жана оңой жол менен өнүктүрүңүз!

Толук маалымат алуу үчүн Банктын Байланышуу борборуна төмөнкү кыска номур боюнча чалыңыз: 2222.